Бишкекский колледж при Чуйском университете прошёл институциональную и программную аккредитации
19–20 мая 2025 года Бишкекский колледж при Чуйском университете успешно прошёл процедуру институциональной и программной аккредитации, проведённую Агентством по аккредитации образовательных программ и организаций (ААОПО).
Институциональная аккредитация предусматривала внешнюю независимую оценку всех аспектов деятельности колледжа: инфраструктуры, учебного процесса, системы обеспечения качества и внутренней документации. Программная аккредитация охватила девять образовательных программ:
• 080110 «Экономика и бухгалтерский учёт»
• 080108 «Банковское дело»
• 080107 «Налоги и налогообложение»
• 080501 «Менеджмент»
• 030504 «Право и организация социального обеспечения»
• 030503 «Правоведение»
Цель процедур — подтвердить соответствие стандартам качества ААОПО, унифицировать требования к учебным программам и обеспечить их соответствие потребностям студентов и рынка труда. В ходе двухдневного визита экспертная комиссия провела обход корпусов и аудиторий, серию интервью со студентами, преподавателями, работодателями и родителями, а также детальный анализ отчётов по самооценке и методической документации.
Чүй университетинин алдындагы Бишкек колледжи институционалдык жана программалык аккредитациядан өттү
2025-жылдын 19–20-май күндөрү Чүй университетинин алдындагы Бишкек колледжи Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (БПУАА) тарабынан жүргүзүлгөн институционалдык жана программалык аккредитация процедурасынан ийгиликтүү өттү.
Институционалдык аккредитация колледждин бардык ишмердүүлүгүн – инфраструктурасын, окуу процессин, сапатты камсыздоо системасын жана ички документациясын тышкы көз карандысыз баалоону камтыды. Программалык аккредитация тогуз билим берүү программасын камтыды:
- 080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп»
- 080108 «Банк иши»
- 080107 «Салык жана салык салуу»
- 080501 «Менеджмент»
- 030504 «Укук жана социалдык камсыздандырууну уюштуруу»
- 030503 «Укуктук таалим»
Бул процедуралардын максаты — БПУААнын сапат стандарттарына шайкештигин тастыктоо, окуу программаларына бирдиктүү талаптарды киргизүү жана аларды студенттер менен эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайыкташтыруу. Эки күндүк визит учурунда эксперттик комиссия корпустар менен аудиторияларды кыдырып чыгышты, студенттер, окутуучулар, иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен маектерди өткөрүштү, ошондой эле өзүн-өзү баалоо боюнча отчетторду жана усулдук документтерди деталдуу анализдешти.



